1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү.
04.06.2026
8
2026-жылдын 1-июнунда Чолпонбай, Жоон-Дөбө, Жийде жана Көк-Дөбө айылдарында эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Майрамдын алкагында балдар үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, алардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүлдү. Айыл өкмөтү тарабынан бардык балдарга балмуздак таратылып, майрамдык маанай тартууланды.
Балдар – биздин келечегибиз, өлкөбүздүн үмүтү жана сыймыгы. Алардын бактылуу балалык чагын камсыз кылуу, билим алып, ден соолугу чың өсүшүнө кам көрүү – ар бирибиздин милдетибиз.https://www.facebook.com/share/r/18vCtyzuiL/