Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
07.04.2026
15
2026-жылдын 1-апрелинде Чолпонбай айылында калктын ден соолугун чыңдоого багытталган “Биринчи байлык — ден соолук” аталышындагы маанилүү акция өткөрүлдү. Иш-чарага облустук адистер катышып, жугуштуу илдеттердин алдын алуу боюнча кеңири маалымат беришти.
Акциянын алкагында: Жашоочуларга вирустук гепатиттер, АИВ жана кургак учук оорулары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү Көчмө жасалма интеллект рентген аппараты аркылуу текшерүүлөр уюштурулду Гепатиттин “В” жана “С” түрлөрүн аныктоо үчүн тесттер алынды ...
07.04.2026
15
2026-жылдын 29-март күнү Чолпонбай айылында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде салтанаттуу белгиленди.
Иш-чарага район жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте жаз майрамын белгилешти. Майрамдык программада кыргыз элинин улуттук каада-салттары, оюн-зооктору көрсөтүлүп, салттуу оюндар уюштурулду....
07.04.2026
15
2026-жылдын 28-март күнү ишембилик өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 5-мартындагы №20-2388 тапшырмасын аткаруу максатында Чолпонбай айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана Чолпонбай муниципалдык иш канасынын кызматкерлери тарабынан ишембилик өткөрүлдү....
07.04.2026
15
2026-жылдын 26-мартында Чолпонбай айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү.
Жыйынга район мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович катышып, айыл тургундары менен түз баарлашуу жүргүзүлдү.Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн актуалдуу маселелер угулуп, тиешелүү мекеме-уюмд...
07.04.2026
15
2026-жылдын 24- март куну Чолпонбай айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы “Ак-Тилек” балдар бакчасында улуу элдик майрам – Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленди.
"А-Тилек" бала бакчанын жамааты ата-бабадан калган асыл салттарды жандандырып, тарбиялык мааниси терең иш-чара уюштурушту. Майрамга айылдын кадырлуу аксакалдары менен энелери чакырылып, алар урмат-сый менен тосуп алынды.Балдар конокторго ыр-бийлерин...
17.03.2026
15
Таза аймак – ден соолуктун жана берекенин булагы!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында...
17.03.2026
15
«Арзуу» кафесинде ооз ачар уюштурулду.
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн демилгеси менен 2026-жылдын 13-март күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө, Жийде, Көк-Дөбө жана Чолпонбай айылдарындагы кадырлуу аксакалдар жана апалар үчүн «Арзуу» кафесинде ооз ачар уюштурулду.Бул иш-чара ыйык Рамазан ...
17.03.2026
15
2026-жылдын 9-март күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасулович, ошондой эле райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жергиликтүү дыйкан, фермерлер катышты.Жолугушуу райондук план-графиктин негизинде уюштурулуп, анда жазгы талаа иштерин өз убагы...
06.03.2026
15
🌸Апалар-мээрим төккөн асылзат 🌸
2026-жылдын 5-март күнү 8-март Аялзатынын эл аралык майрамына карата Чолпонбай айыл өкмөтү жана айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чарага “Баатыр энелер”, “Эне даңкы” медалынын ээлери болгон апаларыбыз жана айы...
06.03.2026
15
Youth Go долбоорунун алкагында Чолпонбай айылындагы Жеңижок атындагы орто мектебинин окуучулары арасында “Жарандык активист” аттуу видео сынак ийгиликтүү өткөрүлдү.
Youth go долбоорунун негизинде Талас облусунун, Айтматов районунун, Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Жеңижок мектебинин окуучулары “Жарандык активист” видео сынагы жарыяланып, 25-февраль 2026-жылы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланышты. Иш-чар...