2026-жылдын 23-апрелинде
21.05.2026
8
Чолпонбай айылында Талас облусунун сыймыгы болгон Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган таасирдүү спектакль тартууланды.
Бул маданий иш-чара көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө терең таасир калтырып, мекенчилдик сезимди ойготуп, тарыхыбызга болгон урмат-сыйды дагы бир жолу эске салды. Баатырдын эрдиги, тайманбастыгы сахнада жанданып, ар бир көрүүчүнү ойго салды десек жаңылышпайбыз.
Мындай тарбиялык мааниси чоң, руханий байлык тартуулаган чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдиребиз. Элдин эсинде, тарыхтын барагында Чолпонбайдай баатырлар ар дайым жашай берет!