2026-жылдын 20-май күнү Чолпонбай айылында апалардын майрамына арналган Чолпонбай жана Көк-Дөбө айылынын апаларына жүрөк жылыткан майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
21.05.2026
22
Кеченин көркүн ачкан “Даткайым” шайыр апалары өздөрүнүн шаңдуу ыр-бийлери, тамашалары жана жагымдуу маанайы менен келген конокторго өзгөчө майрамдык маанай тартуулашты. Апаларыбызга арналган жылуу каалоо-тилектер айтылып, белектер тапшырылды.
Апалар — мээримдин, сабырдын жана берекенин булагы. Ар бир үйдүн куту болгон энелерибизге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, балдарыңыздардын сый-урматында жүрө бериңиздер!
Майрамыңыздар кут болсун, асыл апалар!