Көрүүсү начарлар үчүн версия

2024-жылы Кыргызстанда 26 тонна алтын казылып алынган, - министр

21.01.2025
36

 

Оперативдүү маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда 26 тонна алтын казылып алынган. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министр ошондой эле 400 кг чачыранды алтын да казылып алынганын айтты. Бул алдын ала маалымат, анткени айрым өндүрүштүк маалыматтар дагы деле топтолуп бүтө элек.

Көмүр 4,1 млн тоннада, мунай 290 миң тоннада казып алынгандыгы кабарланды.