Көрүүсү начарлар үчүн версия

2025-жылдын 29-октябры күнү Айтматов району боюнча 1999–2000-жылдардагы Баткен окуясынын 25 жылдыгына карата эскерүү жана урмат көрсөтүү максатында атайын иш-чара өткөрүлдү.

30.10.2025
10

 

1999-2000-жылдарындагы Баткен жергесинде болгон чек ара кагылышуусунда Чолпонбай айыл өкмөтүнөн жети эр-азамат Мекенди коргоо үчүн кызмат өтөп, баатырдык көрсөткөн.

Иш-чарада урматтуу Баткен ардагерлери үчүн концерттик программа тартууланып, ыраазычылык сөздөр айтылып, сыйлуу дасторкон жайылды.

Бул күн — элибиздин эркиндиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшкөн баатырларды эскерүү жана урматтоо күнү болуп саналат.