Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 1-апрелинде Чолпонбай айылында калктын ден соолугун чыңдоого багытталган “Биринчи байлык — ден соолук” аталышындагы маанилүү акция өткөрүлдү. Иш-чарага облустук адистер катышып, жугуштуу илдеттердин алдын алуу боюнча кеңири маалымат беришти.

07.04.2026
9

 

Акциянын алкагында:

🔹 Жашоочуларга вирустук гепатиттер, АИВ жана кургак учук оорулары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

🔹 Көчмө жасалма интеллект рентген аппараты аркылуу текшерүүлөр уюштурулду

🔹 Гепатиттин “В” жана “С” түрлөрүн аныктоо үчүн тесттер алынды

🔹 АИВ илдетин аныктоочу ыкчам тестирлөө жүргүзүлдү

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, айыл тургундары, ардагерлер, мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты.

Мындай акциянын өткөрүлүшү — калк арасында ВИЧ инфекциясы, гепатит жана кургак учук сыяктуу оорулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ.

Ден соолук — ар бир адамдын эң чоң байлыгы! 💙