Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 10-февралында Чолпонбай айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевичтин жергиликтүү тургундар менен ачык форматтагы элдик жыйын болуп өттү.

12.02.2026
1

 

Жыйынга облустук жана райондук мекеме уюмдардын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө, Талас облусунда 2025-жылы аткарылган иштер жана алдыда пландалып жаткан иш-аракеттер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлүү социалдык жана инфраструктуралык суроолорун көтөрүп, аларды чечүү боюнча сунуш-пикирлерин активдүү билдиришти. Көтөрүлгөн маселелер тиешелүү тармак жетекчилеринин көңүлүнө алынып, чечүү жолдору талкууланды.https://www.facebook.com/share/p/17WDeyUbdf/