24-октябрь күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн “Шайлоо алдындагы даярдыктар, шайлоодогу эрежелер жана айыл өкмөт паспортунун ачыктыгы” тууралуу окутуу болуп өттү.
29.10.2025
15
Бул жолугушуу “YouthGo – Жаштарды өнүктүрүү долбоору” тарабынан уюштурулуп, шайлоонун жүрүшү, добуш берүү тартиби жана жарандык активдүүлүктүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын максаты – мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процессине болгон маалымдуулугун арттырып, таза жана ачык шайлоого салым кошууга багыт берүү.