Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кулактандыруу

24.10.2025
37

 

Чолпонбай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Жоон-Дөбө айылында, Осмонов Рахманалы көчөсү №30 дарегинде жайгашкан 3300 м² жер тилкеси жана 424,22 м² курулуш имараты өндүрүштүк ишкана ачуу максатында ижарага берилет.

- Ижара мөөнөтү: 5 жыл  
- Айлык ижара акысы: 15 000 (он беш миң) сом  
- Конкурс өткөрүү күнү: 2025-жылдын 6-ноябры, саат 11:00  
- Өткөрүү жайы: Чолпонбай айыл өкмөтүнүн имараты  
- Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 1-ноябрына чейин  

Керектелүүчү документтер:
- Жарандыгын тастыктаган документтин (паспорттун) көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат;
- Иш план (жумуш орундарын канча адам менен камсыздай турганы көрсөтүлүшү керек);
- Жер тилкеси жана имарат кандай максатта колдонулары тууралуу маалымат;
- Максаттуу багыттын долбоору (канча каражат жумшалат – толук көрсөтүлөт);
- Акча каражатынын булагы (өздүк салым, банк насыясы же инвестордун жардамы);
- Ижарага алууда жер салыгын төлөө боюнча мыйзамга ылайык кепилдик кат же милдеттенме.

Конкурсту уюштуруучу: Чолпонбай айыл өкмөтү  
Толук маалымат: [cholponbai.gov.kg](http://cholponbai.gov.kg)  
Байланыш телефону: (0550) 77-19-70 — Максат