13-апрель — тарыхта өчпөс из калтырган Чолпонбай Түлөбердиев атабыздын туулган күнү.
22.04.2026, 10:43
77
2026-жылдын 13-апрелинде Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнө карата Чолпонбай айыл өкмөтүндө эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.Эл үчүн жанын аябаган баатырды эскерүү — бул биздин ыйык парзыбыз. Иш-чаранын жүрүшүндө баатырдын айкелине гүлчамбарлар коюлуп, арбагына куран багышталды. Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги, мекенге болгон чексиз сүйүүсү тууралуу жылуу сөздөр айтылып, патриоттук ырлар жаңырды.Бул күн — жөн гана эскерүү эмес, бул жаш муунга үлгү боло турган тарбиялык мааниси терең иш-чара. Чолпонбай атабыздын көрсөткөн каармандыгы ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.
Баатырлар эч качан унутулбайт!https://www.facebook.com/share/p/18kr64bxTg/