Көрүүсү начарлар үчүн версия

2025-жылдын 14-ноябрында,Талас шаарында “Баатыр эне” жана “Эне даңкы”төш белгисинин ээси болгон энелерге арналган чоң салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

26.11.2025, 09:35
17

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү — губернатор Джумаев Эрмат Джумаевич катышып, энелерге “Баатыр эне” жана “Эне Даңкы” төш белгисин тапшырды. 

Чолпонбай айыл өкмөтүнөн ардактуу 9 энелерибиз бул сыйлык менен сыйланды алардын ичинен 2 “Баатыр Эне” жана 7 “Эне Даңкы” наамына ээ болушту.

Бул наам энелерибиздин түйшүктүү эмгеги менен бала тарбиялоодогу чоң салымынын бааланганынын белгиси.

Ардактуу Энелерибизге терең таазим,ыраазычылык билдиребиз!

Сиздер биздин коомдун тиреги, тарбиянын башатысыздар!

Чолпонбай айыл өкмөтү энелерди куттуктап жана ден-соолук , бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт каалайт!https://www.facebook.com/share/p/17d89cqgB1/