2025-жылдын 30-декабрында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чара уюштурулду.
23.01.2026, 15:15
19
Иш-чарада райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Умаров Нурланбек Эшматович тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, кызматта мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер сыйланышты. Чолпонбай айыл өкмөтүнөн Айыл өкмөт башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасулович жана Мал чарба боюнча адис Корчубеков Төлөгөн Козубекович Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаргандыгы жана ишиндеги жигердүү эмгеги үчүн АРДАК ГРАМОТА менен сыйланышты. Бул — талыкпаган эмгекке берилген баа! Куттуктайбыз жана мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз! https://www.facebook.com/share/p/1AJzwiemc4/