2026-жылдын 21-майында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
04.06.2026, 16:52
7
Чолпонбай айыл аймагындагы Жоон-Дөбө жана Жийде айылдарынын энелерине арналган майрамдык иш-чара Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйүндө жогорку деңгээлде өткөрүлүп,айылдын ардактуу апалары катышып, алардын коомдогу орду, үй-бүлөдөгү мээрими жана тарбиядагы эмгеги даңазаланды. Майрамдык иш-чара «Даткайым» шайыр апалардын жагымдуу коштоосунда өтүп, келген конокторго көтөрүңкү маанай тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө апаларга жана энелерге урмат көрсөтүлүп, 70- жаштан жогорку энелерге айыл өкмөтү тарабынан ар бирине 500 сомдон акчалай белектер тапшырылды. Ар бир апанын жүзүндөгү кубаныч — бул биздин эң чоң бакыт.
Эне — үйдүн куту, айылдын ырысы, коомдун тиреги. Апаларыбыз аман болуп, ар дайым төрүбүздүн көркү болуп жүрө беришсин!