Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 24- март куну Чолпонбай айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы “Ак-Тилек” балдар бакчасында улуу элдик майрам – Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленди.

07.04.2026, 16:34
5

"А-Тилек" бала бакчанын жамааты ата-бабадан калган асыл салттарды жандандырып, тарбиялык мааниси терең иш-чара уюштурушту. Майрамга айылдын кадырлуу аксакалдары менен энелери чакырылып, алар урмат-сый менен тосуп алынды.

Балдар конокторго ыр-бийлерин тартуулап, улуттук оюндарды көрсөтүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Улуу муун өкүлдөрү ак батасын берип, жүрөк жылытарлык каалоо-тилектерин айтышты. Бул көрүнүш жаш муундун жүрөгүндө улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматты арттырат.Майрамдын өзгөчө көркү – сүмөлөк кайнатуу болду. Жалпы жамаат биргелешип сүмөлөк бышырып, жакшы каалоо тилектер айтылып, Нооруздун негизги маанисин – биримдикти, жаңыланууну жана жакшылыкты даңазалады.

“Ак-Тилек” балдар бакчасы мындай иш-чаралар аркылуу жаш муунду улуттук маданиятка тарбиялап, салт-санааны сактоого өзүнүн зор салымын кошуп келет.