Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 26-март күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө жана Жийде айылдарында салтка айланып калган Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.

21.05.2026, 10:28
7

Бул күнү айыл эли биригип, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап, дасторкондорго түркүн улуттук тамактар коюлуп, конокторго кең пейилдик менен сунушталды. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук оюн-зооктору уюштурулуп, жаштардан тартып улуу муунга чейин активдүү катышып, майрамдын көркүн арттырды.

Нооруз – бул жөн гана майрам эмес, ал элдин ынтымагын бекемдеген, салт-санаабызды сактаган улуу күн. Ушундай маанайда өткөн майрам ар бир адамга кубаныч тартуулап, жүрөктөргө жылуулук берди.https://www.facebook.com/share/p/1U1mmZ22nk/