2026-жылдын 26-мартында Чолпонбай айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү.
07.04.2026, 16:38
8
Жыйынга район мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович катышып, айыл тургундары менен түз баарлашуу жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн актуалдуу маселелер угулуп, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан жеринде жооптор берилди. Ошондой эле ар бир көйгөй боюнча чечүү жолдору талкууланып, алдыдагы иштердин багыттары белгиленди.