Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 9-майында — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата Чолпонбай айыл өкмөтүндө салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

21.05.2026, 10:44
9

Бул майрамга баатыр атабыз Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары, айыл тургундары, айылдык кеңештин депутаттары, ошондой эле Айтматов райондук администрациясынын орун басары Сейдикеримова Мира Эсиркеповна жана Ош облусунун Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу №34 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектеп мектебинин окуучулары, мугалимдери жана айыл аймагындагы аксакалдар атайын конок болуп келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө баатыр атабыз Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, баатырлардын эрдиги эскерилди. Андан соң окуучулар жана маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, патриоттук ыр-бийлер жаңырды.

Ошондой эле Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектептин окуучулары жана мугалимдери тарабынан кыргыз элинин улуу инсандары Курманжан Датка менен Чолпонбай Түлөбердиевди даңазалаган атайын концерттик программа аткарылды.

Майрамдык иш-чара элдин ынтымагын бекемдеп, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого чоң салым кошту. https://www.facebook.com/share/p/1ZXK7w87eh/