Көрүүсү начарлар үчүн версия

2026-жылдын 9-март күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

17.03.2026, 13:14
2

Жыйынга Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасулович, ошондой эле райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жергиликтүү дыйкан, фермерлер катышты.Жолугушуу райондук план-графиктин негизинде уюштурулуп, анда жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, үрөн, жер иштетүү, сугат маселелери жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө дыйкандар өздөрүнүн суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Мекеме жетекчилери тарабынан тиешелүү түшүндүрмөлөр жана кеңештер берилди.