🌸Апалар-мээрим төккөн асылзат 🌸
06.03.2026, 15:01
3
2026-жылдын 5-март күнү 8-март Аялзатынын эл аралык майрамына карата Чолпонбай айыл өкмөтү жана айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чарага “Баатыр энелер”, “Эне даңкы” медалынын ээлери болгон апаларыбыз жана айыл тургундары чакырылып, майрам өзгөчө жылуу маанайда белгиленди.
Майрамдык кечеде концерттик программа тартууланып, апаларыбызга белектер берилди. Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, катышуучуларга шаң-шаттык тартуулады.
Урматтуу апалар жана эже-карындаштар! Сиздерди Чолпонбай айыл өкмөтү Аялзатынын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Ар дайым үй-бүлөңүздөрдүн куту болуп, балдарыңыздардын жакшылыгында узак өмүр жашаңыздар!