Көрүүсү начарлар үчүн версия

«Арзуу» кафесинде ооз ачар уюштурулду.

17.03.2026, 13:17
2

Чолпонбай айыл өкмөтүнүн демилгеси менен 2026-жылдын 13-март күнү Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө, Жийде, Көк-Дөбө жана Чолпонбай айылдарындагы кадырлуу аксакалдар жана апалар үчүн «Арзуу» кафесинде ооз ачар уюштурулду.

Бул иш-чара ыйык Рамазан айынын урматына өткөрүлүп, улуу муун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүлдү. Жолугушууда аксакалдар ак батасын берип, элдин биримдигин, айылдардын өсүп-өнүгүшүн каалашты. Мындай жакшы саамалыктар элибиздин ынтымагын бекемдеп, улууларды урматтоо салтын даңазалап келет.