Чолпонбай айыл өкмөтүн орун басары Кубанычбек Сейдалы уулу Кытай Эл Республикасынын Бээжин шаарында өткөн “Экономикалык өнүгүү” багытындагы эл аралык семинарды ийгиликтүү аяктап кайтты.
04.06.2026, 16:58
6
Семинар 2026-жылдын 8-21-майы аралыгында Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин каржылоосу менен, Өнүктүрүү жана реформалар боюнча улуттук комиссиясынын Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын максаты – экономикалык өнүгүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, аймактардын өнүгүүсүнө колдонуу. Бул сапар айыл өкмөтүн ишинде жаңы долбоорлорду жана заманбап ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Кубанычбек Сейдалы уулун ийгилиги менен куттуктайбыз! Алган тажрыйбасы менен Чолпонбай айыл аймагынын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенебиз. https://www.facebook.com/share/r/1Cv4UxoP8x/