Көрүүсү начарлар үчүн версия

Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө айылындагы №2 “Алтын Уя” бала бакчасы.

21.05.2026, 10:31
14

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары арасында уюштурулган “Кичинекей каарман” кароо-сынагында Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө айылындагы №2 “Алтын Уя” бала бакчасы татыктуу ийгиликтерди жаратты.

“Аманат куралдарга ээ болуу” темасы боюнча даярдалган 14 тарбиялануучу Айтматов району боюнча 1-орунду багындырып, өздөрүнүн мыкты даярдыгын жана талантын көрсөтө алышты. Мындан тышкары, ушул эле тема менен Талас облусунда өткөн Республикалык деңгээлдеги сынакта да ийгилик жаратып, 2-орунга ээ болушту.

Бул жетишкендик — балдарыбыздын тырышчаактыгынын, ошондой эле аларга татыктуу тарбия, билим берип жаткан тарбиячылардын эмгегинин жыйынтыгы.

Ушундай бийик ийгиликтерге жеткирген тарбиячыларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин эмгегиңиздер – келечек муундун бекем пайдубалы. Балдарыбыздын келечеги кең, жолу ачык болсун!