Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
23.10.2025, 10:13
22
Бул маалыматтык иш-чаралар Жоон-Дөбө, Жийде, Чолпонбай жана Көк-Дөбө айылдарында өтүп, жергиликтүү тургундарга “Түндүк” тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү, колдонуу жолдору жана мамлекеттик кызматтарды кантип алуу керектиги тууралуу кенен маалымат берилди.
"Түндүк" тиркемеси — жарандарга ыңгайлуу, тез жана коопсуз жол менен электрондук кызматтарды алууга жардам берет.
Аймак тургундарына ыкчам кызмат көрсөтүү максатында мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат.
_Чолпонбай айыл өкмөтү