Эски имарат — жаңы дем менен!
23.01.2026, 15:17
7
Эскилиги жарым кылымга жеткен маданият үйүнө экинчи өмүр берүү максатында, Чолпонбай айыл өкмөтүнө Ак Чий айыл өкмөтү 2024-жылы АТР дан кийин кошулуп, калк санынын көбөйүшү менен, айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү зарылдыгы жаралган.
Алянс-Алтын фондунун колдоосу менен, буга чейин маданият үйү катары кызмат өтөп келген имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, азыркы заманга ылайык шартта жаңыланып, Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имараты катары ишке берүүгө даярдык көрүлүүдө.
Бул өзгөрүү — аймактын өнүгүүсүнө, элге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чоң өбөлгө болот.