Көрүүсү начарлар үчүн версия

Таласта милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды

21.01.2025, 07:38
26

Талас ОИИБдин жетекчилиги мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаарындагы «Теңир колдоо» жана Талас районунун Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү Көмөкчү жатак мектебиндеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелеринин катышуусунда жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Анда балдарга Талас ОИИБдин башчысынын орун басары,  Уюштуруу тескөөчүлүк бөлүмүнүн башчысы, Кадрлар бөлүмүн башчысы, Ички иштер министри жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан атайын даярдалган белектерди тапшырышты.