Таза аймак – ден соолуктун жана берекенин булагы!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2026-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында республика боюнча ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Аталган жарлыкты ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 14-март күнү Чолпонбай айыл аймагында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жана «Чолпонбай тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышып, айыл аймагындагы негизги жолдордун жана ички көчөлөрдүн жээктериндеги таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, айыл аймагын тазалоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чаралар айылыбыздын тазалыгын сактоого жана жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошот.