Youth Go долбоорунун алкагында Чолпонбай айылындагы Жеңижок атындагы орто мектебинин окуучулары арасында “Жарандык активист” аттуу видео сынак ийгиликтүү өткөрүлдү.
06.03.2026, 14:29
23
Youth go долбоорунун негизинде Талас облусунун, Айтматов районунун, Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Жеңижок мектебинин окуучулары “Жарандык активист” видео сынагы жарыяланып, 25-февраль 2026-жылы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланышты. Иш-чаранын максаты: Жергиликтүү жаштардын жарандык катышуучуларын жогорулатуу жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү.
Иш-чара Европалык Биримдик тарабынан каржыланган жана Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) тарабынан кошумча каржыланган “Youth Go” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоорду Жаштарды өнүктүрүү институту (ИРМ) DVV International уюму менен биргеликте ишке ашырууда.