Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Акыркы күн 17.07.2025
Квалификациялык талаптар
Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө;
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) Соттуулугу жок;
3) 18 жаштан жаш болбоого;
4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
1) Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку билим (баардык багыттагы);
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- билгичтиги:
- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетүү, юриспруденция, Финансылык экономикалык багытындагы);
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
тийиштүү багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, Финансылык экономика, тейлөө сферасы, маданият жана искуство, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери, саламаттыкты сактоо, эл аралык байланыш)
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өздүк арыз;
- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);
- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.
Сынактарга катышуу үчүн керектүү документтерди https://www.cholponbai.gov.kg сайтка чыккан күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде саат 8:00дөн 17:00 гө чейин тапшыруу керек.
Дареги: Айтматов району, Чолпонбай айылы, Чолпонбай көчөсү № 115, байланыш телефондору: (0501-06-75-75; 0553-13-10-91)